АКШнын президенти Дональд Трамп Лос-Анжелестеги митингдерди кимдир-бирөөлөр каржылап жатышы мүмкүн деген божомолун билдирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Трамп Түндүк Каролина штатындагы Форт-Брэгг аскердик базасында аскерлер жана ардагерлер менен жолугушууда мындай деди:
"Калифорнияда болуп жаткандар - бул тынчтыкка, коомдук тартипке жана улуттук эгемендүүлүгүбүзгө каршы толук масштабдуу чабуул. Бул - чет элдик желектерди көтөргөн козголоңчулар тарабынан жасалып жатат. Максаты - өлкөбүзгө болгон чет элдик кийлигишүүнү улантуу. Биз буга жол бербейбиз. Бул балдар – кесипкөй, жөн эле дилетанттар эмес. Аларды кимдир-бирөө каржылап жатат. Биз бул боюнча Пэм Бонди жана Юстиция министрлиги аркылуу чындыкты билип чыгабыз. Бул жабдуулардын баарын ким каржылап жатат? Буга кесипкөйлүк менен мамиле кылынууда".
Президент кийлигишпесе Лос-Анжелести толугу менен өрт каптап, жок болмок экендигин кошумчалады.
Эске салсак, Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом америкалыктарды Трамптын саясатына каршы турууга чакырган.