Интернетте дүйнөдөгү эң узун айым учакта алты орунду ээлеп уча турганын көрсөткөн видео тарап жатат.
Кеп Гиннестин рекорддор китебине киргизилген Румейс Гелги жөнүндө болуп жатат. Анын бою 215 сантиметрге жетет. Румейс Түркияда жашайт жана атайын араба менен жүрөт.
Ал сейрек кездешүүчү генетикалык оору - Уивер синдромунан жабыркайт.