Илон Маск АКШ президенти Дональд Трамп жөнүндө жазган айрым билдирүүлөрү үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Өткөн аптада президент жөнүндө жазган айрым билдирүүлөрүм үчүн кечирим сурайм. Алар өтө эле ашыкча болуп калды",- деп жазды миллиардер Х социалдык тармагына.
Маск менен Трамптын ортосундагы чыңалуу Масктын Өкмөттүн эффективдүүлүк департаментинин башчылыгынан кетишинен кийин күчөгөн. Маск Трамп сунуштаган бюджет жана салык жеңилдиктерин узартуу тууралуу мыйзам долбооруна каршы чыккан. Ал мыйзам АКШнын мамлекеттик карызын ого бетер көбөйтөт деп эсептей турганын билдирген.
5-июнда Маск жана Трамп социалдык тармактарда ачык кайым айтыша кетишкен. Маск өз билдирүүлөрүн X социалдык тармагында, ал эми АКШнын президенти болсо Truth Social тармагында жазган.
Маск анын жардамы болбосо Трамп шайлоодо утулмак деген да билдирүү калтырган. Трамп Маскты "акылынан адашкан" деп атап, анын SpaceX жана Starlink космостук долбоорлорун каржылоону токтото турганын айтып коркуткан. Илон Маск мунун жообу катары Трампка импичмент жарыялоону талап кылып, аны сексуалдык кылмыштар үчүн айыпталган финансист Жеффри Эпштейндин ишине байланышы бар экенин кыйыткан. Кийинчерээк миллиардер бул билдирүүсүн өчүргөн.