Өзүнөн чоң баланы көтөрүп чапкан аксылык кыз көпчүлүктү суктандырды

Интернеттеги социалдык тармактарда өзүнөн салмагы чоң баланы күрөштө көтөрүп чапкан кыздын видеосу тарады.

Видеодон көрүнгөндөй, бала кызды жыгууга аракет кылып, майнап чыккан эмес. Тескерисинче, кыз баланы так көтөрүп, өзүнөн ашырып чапкан.

Ал видеосунан кийин кыз өзү жөнүндө кыскача видео тарткан.

"Менин атым Жаңылмырза, кыргыздын кызы болом. Келечекте дүйнөнүн чемпиону болом",- деди балбан кыз.

Мелдешти көрүп отургандар кызды кол чаап кубатташкан. Комментарийде да Жаңылмырзанын жеңишин эл жылуу кабыл алып, "Дүйнөлүк чемпиондукта кыргыздын атын чыгарчу кыз" деп мактоолорду жазып жатышат.

Видео Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө Курман айт майрамына карата өтүлгөн спорттук иш-чарада тартылган.

күрөш
Жаңылмырза
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан