Милиция кызматкеринин майып жаранга жардам бергени алкоого татыды (сүрөт)

Кечээ, 10-июнда Бишкектин борбрдук стадионунда өткөн футбол беттешинде милиция кызматкеринин мүмкүнчүлүгү чектелген балага берген жардамы коомчулукту суктандырды.
Интернет колдонуучулардын бири бул учурду сүрөткө тартып алып, ыраазычылык билдирди.
"Кечээ футболдук беттеште жагымдуу учурга туш болдум. Мен үчүн бул боорукердиктин белгиси. Мүмкүнчүлүгү чектелген баланын бут кийиминин боосу чечилип калыптыр, ал отуруп оңдоп алууга мүмкүн эмес эле. Анткени киши көп, отургучтар бош эмес. Ушул учурда коомдук коопсуздукту карап жаткан укук коргоо кызматкерлеринин бири ойлонбой туруп, отура калып, боосун байлап узатты. Беттештен кийин барып, милиция кызматкерине ыраазычылык билдиргим келген. Бирок жетишпей калдым. Ыраазычылык сага, бейтаныш милиционер", - деп жазды колдонуучу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан