Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев өкмөттү Орусиядагы мекендештердин көйгөйүн чечүүгө чакырды.
Акаев Орусияда мигранттар балдарын мектеп, бала бакчаларга окута албай жатышканын айтты.
"Эми биздин мекендештерибиз балдарын эмне кылышат? Каякка окутушат? Жумуштары ал жакта болсо, балдарын мектепке берүү татаалдап жатса... Буга министрлер кабинети өзү киришүүсү керек. Тышкы иштер министрлиги, Орусиядагы элчилик орус тилин окутуу боюнча борборлорду түзүп, иштерди жасашыбыз керек. Алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүбүз зарыл. Анткени биздин экономикалык союздаш, стратегиялык өнөктөшпүз деген мамлекетте мындай болгону өкүндүрөт. Орусиянын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш кажет", - деди Акаев.