Ирландияда шахматта туура эмес жүрүш жасаган оюнчуну өлтүрүп кетишти

Ирландиянын Дублин шаарынын 39 жаштагы жашоочусу Томас О’Горман өз үйүндө бычакталып өлтүрүлгөн. Бул тууралуу 13-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 
Маркумдун денеси өзү жашаган үйдөн табылган. Полиция анын өлүмүнө шахмат ойноп жаткандагы талаш-тартыш жараткан жүрүш себеп болгон деген маалыматты таратты. 
Окуя болгон жерде өлүмүнө шектүү деп 34 жаштагы адам кармалып, тергөө иштери жүрүүдө. Шахмат партиясынын талаш жараткан жана адам өлүмүнө алып келген жүрүштөрү укук коргоо органдары тарабынан иликтенүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан