Өлкөдө Ташиевдин тапшырмасы менен "Нелегал-2025" атайын операциясы башталды

Бүгүн, 11-июндан тартып өлкөдө Улуттук коопсуздук органдары тарабынан "Нелегал-2025" атайын операциясы башталды.

Атайын кызматтын берген маалымататы боюнча, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын алкагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен өзүнүн укуктук абалын легалдаштырбай жүргөн мыйзамсыз чет өлкөлүк жарандар аныкталды. Алар ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

УКМК иш берүүчүлөрдү жана чакырган тараптарды мыйзам бузган чет элдиктерди өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө багытталган чараларды көрүүгө чакырат.

Айта кетсек, буга чейин атайын кызматтын жетекчиси күч түзүмдөрүнө жыйын өтүп, мыйзамсыз миграцияга каршы иш алып баруу талабын койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан