Москвада баңгизат колдонгон 2 эркек 2 өспүрүм кызды зордуктаганга шектелип кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 6-июнда 2-Марьина Роща көчөсүндө эки эркек киши өспүрүм эки кыз менен жолугуп, унаанын ичинде баңгизат колдонушкан. Андан кийин алар батирге барышып, кыздарга сексуалдык зомбулук көрсөтүшкөн.
Москва шаардык тергөө комитетинин басма сөз катчысы Юлия Иванованын айтымында, эки шектүү камакка алынды. Азыр тергөө жүрүп жатат, окуянын бардык жагдайлары такталууда.