Көпчүлүк чыдамсыздык менен күткөн жай мезгилинин кирип келгенине он күндөн ашып калды. Жайкы эс алууну эстен кеткис кылып өткөрүүнү каалап, бирок план түзө элек болсоңуздар, жакында эле барып келген, көп жылдык тарыхы бар Египет жөнүндө бир аз баяндап кетейин.
Египет – байыркы тарыхы, көз жоосун алган табияты жана дүйнө жүзүн таң калтырган кереметтери менен дүйнөнүн ар тарабындагы саякатчыларды өзүнө тарткан өлкө. Ошол эле учурда Азия менен Африканы бириктирип турган көпүрө. Синай жарым аралы Азияга кирет, калган бөлүгү Африкада жайгашкан.
Бул макалада Египеттеги үч өзгөчө багытка: Шарм-эль-Шейх, Каир жана Кызыл деңиз жээгине кыскача саякат жасап чыгабыз.
Шарм-эль-Шейх – Египеттин түштүгүндө, Синай жарым аралынын жээгинде жайгашкан белгилүү курорттук шаар. Ал дүйнө жүзүнө Кызыл деңиздин кооз жээги, жаркыраган күнү жана кораллдары менен белгилүү. Шаар – сууда сүзүү, снорклинг жана дайвинг сүйүүчүлөрүнүн сүйүктүү жайы.
Бул аймакта жыл бою күн тийип турат. Ошондуктан жылдын кайсы мезгилинде болбосун эс алып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Шаардын аталышынын мааниси – араб тилинен которгондо "Шейхтин жээги" дегенди түшүндүрөт. Калаа Египеттин заманбап шаарларынын бирине кирет.
Бул жерде жайгашкан Рас-Мухаммед улуттук паркы – Кызыл деңиздеги биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн түзүлгөн корук. Бул аймакта дүйнөдөгү эң кооз коралл рифтер жайгашкан. Сноркинг жана дайвинг сүйүүчүлөр бул жакка сөзсүз келүүсү керек. Анткени корукта миңдеген балыктар, кооз кораллдар жана башка деңиз жаныбарларын да кезиктирүүгө болот.
Наама бей – калаанын эң белгилүү жана жандуу жээктеринин бири. Бул жерде дүйнөлүк деңгээлдеги мейманканалар, ресторандар, кафелер жана түнкү клубдар жайгашкан. Пляждын жээгинде жөө адамдар үчүн атайын жүрүүчү жолдор бар, куму ак, суусу тунук жана жылуу. Сууда сүзүү жана күнгө күйүүнү каалагандар үчүн эң сонун жер.
Сохо аянтчасы – Шармдын замандын талабына жооп берген, заманбап эс алуу борбору. Бул жерде муз аянтчасы, жогорку класстагы ресторандар, дүкөндөр жана көңүл ачуучу жайлар бар. Кечкисин лазер-шоу, кооз оргумалар жана жандуу музыка шаарга өзгөчө атмосфера тартуулайт.
Шаркс бей – бул жер тынчтыкты сүйүүчүлөр үчүн арналгандай. Сууда сүзүү, кораллдарды көрүү, табиятка суктануу үчүн мыкты жай. Шаркс бей көбүнчө үй-бүлө менен келгендер үчүн ыңгайлуу.
Эски шаар – калаанын эски бөлүгү болуп эсептелингени менен укмуштуудай кооз жер. Египеттин салттуу базарлары, улуттук ашкана жана сувенир дүкөндөр жайгашкан. Туристтер бул жактан арзан баада белектерди, кол өнөрчүлүк буюмдарын, таттууларды жана татымалдарды сатып ала алышат.
Бул аймакка Аль-Сахаба мечити өзгөчө кооздук берип, шаардын көркүнө көрк кошуп тургандай. Мечиттин сырткы көрүнүшү да, ичи да аябай кооз. Кечкисин жарыктандырылганда андан да көрктүү көрүнөт.
Египетке барганда Каирге барбай коюу мүмкүн эмес. Бул – Египеттин борбору жана араб дүйнөсүндөгү эң чоң шаарлардын бири. Каирде заманбап турмуш менен байыркы тарых катар жашайт. Ошондой эле тарыхка кызыккандар үчүн чыныгы кенч, тарыхый энциклопедия сыяктуу. Шаардын көчөлөрү байыркы фараондордон тартып бүгүнкү заманга чейинки жүздөгөн жылдардын күбөсү.
Каирден 20 чакырым алыстыкта Гиза пирамидалары жана Сфинкс жайгашкан. Бул дүйнөдөгү эң белгилүү тарыхый эстеликтердин бири. Ошондой эле дүйнөнүн жети кереметинин ичинен жалгыз сакталып калган мурас.
Калаанын тарых музейинде Тутанхамон падышанын алтын маскасы баш болгон миңдеген байыркы буюмдарды көрүүгө болот. Ошондой эле эски базарлар, тарыхый мечиттер жана Нил дарыясынын жээгиндеги кайыкта сейилдөө саякатчыларга унутулгус таасир калтырат.
Шаар тарыхты сактап гана тим болбостон, ошол эле учурда өнүгүп жаткан мегаполиске айланган. Бүгүнкү Каирде улуттук музейлер, университеттер, киноиндустрия, искусство жана бизнес дүйнөсү тынымсыз өнүгүп жатканына күбө болдум.
Ошондой эле бул калааны дүйнөдөгү эң узун дарыяларынын бири Нил дарыясы бойлоп агып өтөт. Ал Африканын чыгыш бөлүгүнөн баштап, көптөгөн өлкөлөрдү аралап өтөт. Нил дарыясынын жалпы узундугу болжол менен 6650 чарчы метр жана ал Эфиопия, Уганда, Судан, Египет сыяктуу өлкөлөрдү кыдырып, акырында Жер Ортолук деңизге куюлат.
Байыркы Египет учурунан баштап бул дарыя сугат иштерин камсыздап, айдоо жерлерди түзүп, элди суу жана тамак-аш менен камсыздаган. Учурда туристтик жайлардын бири катары эсептелинет.
Кызыл деңиз – Суунун астындагы керемет дүйнө. Ал дүйнөдөгү эң тунук жана бай биологиялык ар түрдүүлүккө ээ деңиздердин бири. Коралл рифтер, кооз балыктар жана суу алдындагы тунук көрүнүш бул аймакты уникалдуу кылат.
Шарм-эль-Шейхтен сырткары Хургада, Макади-Бей жана Марса-Алам сыяктуу шаарлар дагы Кызыл деңиздин жээгинде жайгашып, эс алуу үчүн мыкты шарттарды сунуштайт.
Кызыл деңиз – кышында да тоңбой, суусу муздабай, жыл бою сууга түшүүгө мүмкүн болгон табигый керемет. Дүйнөнүн бардык бурчунан бул деңизге дайвинг менен алектенүү үчүн келишет. Мен да ошолордун катарында, "Египетке барсам сөзсүз түрдө Кызыл деңизине барып дайвинг жасайм" деген кыялымды орундаттым.
Дайвингде такыр эле башка дүйнөдө жүргөндөй сезим калтырды. Деңиз жаныбарларын жакындан көрүү, түрдүү балыктарды, анын ичинде мен тааныганы да бар, тааныбаганы да бар, анан да кораллдардын кооздугу өзгөчө көңүлүмдү бурду.
Египет – тарых менен табиятты айкалыштырган өлкө. Шарм-эль-Шейх сизге бейиштей пляждарды, Каир – байыркы тарыхты, ал эми Кызыл деңиз – суу алдындагы жомоктуу дүйнөнү тартуулайт.
Эгер сиз кызыктуу, коопсуз жана бардык жагынан унутулгус саякат издесеңиз – Египет сизди күтүп турат!