Бишкекте опузалап акча талап кылган укук коргоо органдарынын кызмат адамдары кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, 7-июнда мыйзамсыз иш аракеттерге бөгөт коюлду. Ленин райондук милициясынын улук тергөөчүсү Г.Н. Ленин районунун прокурорунун жардамчысы Т.Ч. менен сүйлөшүп алып, кылмыш иши боюнча маселени оң чечкендиги үчүн жарандан 4 миң долларды опузалап алган.
Белгиленгендей, тергөөчү аталган сумманы прокурордун жардамчысына өткөрүп берип, андан кийин экөө тең ыкчам кызматтар тарабынан дароо кармалды.