Индияда 3 жылда 15 жолу турмушка чыккан аял кармалды

Индиянын Праяградж шаарында бай адамдарды алдап жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, шектүүлөр бир эле кызды 3 жыл ичинде 15 жолу турмушка узатып, андан кийин ошол үй-бүлөнү тоноп турушкан. Бул кылмыш 15-жабырлануучудан кийин белгилүү болгон.

Шектүүлөр интернет жана гезит аркылуу жубай издеп жүргөн адамдарды табышкан. Ал эми топтун мүчөсү болгон кыз бат эле алардын ишенимине кирип, турмушка чыгып турган. Үлпөт тойдо нике кыйган жана кыздын туугандарынын ролун аткаргандар ошол эле кылмыштуу топтун мүчөсү болушкан. Тойдон кийин кыз зер буюмдарды жана акчаларды уурдап, башка аймакка көчүп кеткен.

Топ 3 жыл ичинде жалпысынан 15 жалган үйлөнүү тоюн өткөрө алган. Шектүүлөр кармалгандан кийин да 6 эркек үйлөнүүгө кезек күтүп жатканы белгилүү болгон.

Бул кылмыштуу топту Раджастхан штатынан келген жаран уюштурганы аныкталган. Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан