Кыргызстанда жаңы ислам каржы продукту – «Ижара МБ - Бизнес» банктар арасында биринчи ирет ишке ашырылууда.
«Элдик Банк» ААК Ислам терезесинин алкагында жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн «Ижара МБ - Бизнес» жаңы продуктун сунуштайт.
Каржылоонун максаты:
Ижара мунтахия биттамлик (Ижара МБ) келишими боюнча андан ары сатып алуу менен мүлк ижарасы, анын ичинде:
- Айыл чарба техникасынын бардык түрлөрү жана асылма /чиркегич жабдуулары;
- Атайын техникалар,
- Өнөр жай/технологиялык/өндүрүштүк жана башка жабдуулар;
- Бизнес үчүн имараттар, курулмалар жана башка мүлктөр.
Каржылоо шарттары:
- айына 1,42%дан сом менен*
- айына 0,75%дан АКШ долларында*
* (Ижара МБ келишими боюнча ижара акысы катары эсептелет жана мүлктүн мөөнөтүнө жана наркына жараша болот).
Күрөө менен камсыздоо:
- Мүлктүн наркынын 30% өлчөмүндө баштапкы төлөмдө - алынуучу мүлк төлөп кутулуу кепилдиги болуп саналат.
- 30%дан аз баштапкы төлөмдө - кошумча күрөө (кыймылсыз мүлк) талап этилет.
- Атайын жабдуулар үчүн - күрөөлүк камсыздоо катары ал жайгашып турган жери менен имарат берилиши зарыл.
«Ижара МБ Бизнес» - бул ислам каржылоо принциптерине ылайык, бизнеске керектүү мүлктү ыңгайлуу шарттарда андан ары сатып алуу менен ижарага алуу мүмкүнчүлүгү!
📌 Кеңири маалымат алуу үчүн:
cайттын дареги: https: rsk.kg
телефону: 9111
же «Элдик Банк» ААК бөлүмдөрүнө кайрылууга болот.
Улуттук банктын №033, 033/1 лицензиясы