Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов – Макмал унаа жолунун 22,5-27,5-чакырымдар аралыгына асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, № 15 жол тейлөө ишканасы тарабынан азыркы тапта 1,5 чакырым жол жасалды. Аны менен катар жер алдындагы суулардын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу максатында суу өткөрүүчү түтүкчөлөр да жаңыланып жатат.
Курулуш иштери бардык жол куруу нормаларына ылайык аткарылып, Баетов – Макмал багытындагы кыймылды жакшыртуу жана жергиликтүү тургундардын жашоо шартын жеңилдетүү максатында жүргүзүлүп жаткандыгы айтылат.