Өлкөдөн тоңдурулган жашылча-жемиштер экспорттоло баштайт

Өлкөдө "3+2" долбоорунун алкагында тоңдурулган жашылча-жемиштер экспорттоло баштайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган долбоордун алкагында Москва райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы "Кыргызцентпродукт" логистикалык борборунун жетекчиси менен жолугушуу өткөрүп, биргелешкен кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Келишимге ылайык, логистикалык борбор брокколи, түстүү капуста, төө буурчак, помидор жана башка жашылчаларды ыкчам тоңдуруу (шоковая заморозка) технологиясы менен кайра иштетип, таңгактап экспортко жөнөтөт.

Өндүрүлгөн продукция коңшу мамлекеттерге экспорттолот. Жогорудагы жашылчаларды өстүрүүдө "Кыргызцентпродукт" жергиликтүү дыйкандарды кызматташууга чакырат.

Ишкананын дареги: Чүй облусу, Беловодское айылы, Шолохов көчөсү, 12/10.

Маалымат үчүн: "3+2" долбоору Кыргызстандын айыл чарбасын санариптештирүү боюнча бирдиктүү демилгенин бир бөлүгү. Ал заманбап чечимдерди ишке киргизүүгө, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан