Камчыбек Ташиев белгилүү италиялык актёр Микеле Плачидо менен жолугушту

Бүгүн, 12-июнда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Бишкекте өтүп жаткан эл аралык кинофестивалдын алкагында белгилүү италиялык актёр жана режиссёр Микеле Плачидо менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы маданий кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде Плачидонун Кыргызстанда өткөрүлгөн эл аралык кинофестивалдарга катышуусу, ошондой эле Борбордук Азиядагы туристтик борбор катары Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн көтөрүү маселелери талкууланды.

Баарлашуу учурунда Плачидо өлкөнүн аймагында өнүктүрүүнү пландап жаткан жеке киностудиясы тууралуу маалыматы менен бөлүштү. Ташиев анын чыгармачылыгына ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Маалымат үчүн: Микеле Плачидо - "Спрут" телесериалында комиссар Каттанинин ролунан кийин дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон белгилүү италиялык актёр жана режиссёр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан