Бишкек кинофестивалында блогердин жарым жылаңач көйнөгү уюштуруучуларга сөгүш алып келди

Кечээ, 11-июнда III Бишкек эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылышы болду. Фестиваль алгач көк түстөгү “Асман жолу” килеминен өтүүдөн башталган. Анда белгилүүлөр түрдүү образдары менен элдин көңүлүн бурган. Фестивалга блогер Жанара Осмоналиева өзгөчөлөнүп, тагыраагы, ич кийими көрүнгөн жука көйнөк кийип барган.

Анын образы коомчулукта катуу сынга жана талкууга алынды. Кээ бирлери "уят" десе, кээ бирлери "суктандым" деп түрдүү пикирлерди жазышууда.

Ал эми блогер социалдык тармактагы баракчасында бул көйнөктү дал ушул фестиваль үчүн атайын тиктирип кийип барганын жазды.

Бул окуядан улам иш-чаранын уюштуруучуларына сөгүш берилгени маалымдалды.

12.06
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан