Иранга кол салган Израил өзгөчө кырдаал жарыялап, окууну жана жумушту токтотту

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац бүт өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Мындай чечим Израил Иранга абадан сокку ургандан кийин кабыл алынды.

Эскерте кетсек, түндө Израилдин аскерлери Иранга кол салышкан. Эми аталган өлкө Иран да чабуул жасашы мүмкүн деп кооптонуп жатат.

Ошондуктан министр бардык мектептерди жаап, ишканалардагы жумушту токтотту. Израил ракета же дрон менен чабуул болушу мүмкүн деп күтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан