Бүгүн, 13-июнда Бишкекте шаардык "Алга" спорт комплексинин салтанаттуу ачылыш аземи болот. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалым болгондой, "Алга" спорттук комплекси толугу менен реконструкциядан өткөн.
Ачылыш аземи Премьер Лиганын 12-турунун алкагындагы "Алга" (Бишкек шаары) - "Барс" (Каракол шаары) футболдук клубдарынын беттеши менен уланат. Концерттик программа саат 18:30да, ал эми оюндар саат 20:30да башталат.
Азем белгилүү ата мекендик эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа менен коштолот.