Шаардын айрым көчөлөрүнөн китеп саткан түйүндөрдү байкасаңыз керек. Анда ар кайсы тилдеги, ар кандай жанрдагы китептерди табууга болот. Айрыкча мындай жерлерде жаштар көп чогулуп, китеп сатып алып жатканы байкалат. Бул ирет борбор калаанын тургундарынын китепке болгон кызыгуусу, кандай китептердин көп окула турганы жана кайсы китептер трендде экенине кызыгып көрдүк.
Наргиз Ишеналиева учурда Бишкектеги китеп саткан дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштейт. Ал иштеген китеп дүкөнүндө башка адабияттарга салыштырмалуу бөбөктөрдүн адабияттары көп. Ошол себептен дүкөнгө ата-энелер көп келишет. Ошондой эле ал бөбөктөрдүн адабиятынан сырткары ар кандай жанрдагы китептерге 18 жаштан 50-60 жашка чейинки окурмандардын кызыгуусу көп экенин айтат.
"Биздин дүкөндө 90 пайыз китептер кыргыз тилинде, ал эми калган 10 пайызы орус тилинде. Балдар адабиятында өнүктүрүүчү орусча китептер көп сатылат. Жаш балдардын адабияты биздин дүкөндө көп сатылат. Жомок китептер, баланы интеллектуалдык жактан өнүктүрүү үчүн орусча китептерди көп алышат. Себеби бөбөктөргө арналган атайын сапаты жагынан, мааниси жагынан интеллектуалдык деңгээлди өнүктүрүүгө багытталган кыргызча китептер аз", - деди Ишеналиева.
Сатуучу кыз ата-энелер балдарынын тили орусча чыгып, кыргызча сөздөрдү жакшы түшүнө албайт деген негизде орус адабиятына басым жасап жатканын билдирди. Ошондой эле бөбөктөрдүн орус тилиндеги китептерди окуусуна кыргызча жомок же башка китептердин сүрөттөрү аз болгону менен түшүндүрдү.
Ал эми башка окурмандар жеңил окуялар топтому, котормо чыгармалар,өзүн-өзү өнүктүрүү багытында, кантип акча табуу боюнча, бизнес тууралуу китептерге кызыгышат.
"Ата-энелер балдарына китепти окута албай кыйналууда. Телефондон алыстатуу максатында жеңил, котормо чыгармаларды алып кетишет. Детектив, курч окуялуу китептерге да кызыккандар арбын. Жеңил, түшүнүктүү, тарбиялык мааниси бар болгону үчүн диний окуялар топтомун да жакшы көрүп окушат. Айымдардын көбү психологиялык китептерге басым жасашат", - деп билдирди Наргиз Ишеналиева.
Китеп сүйүүчүлөрдүн көпчүлүгү акыркы убакта китептердин баасы кымбаттап жатканын да айтышууда. Баалар дүкөндүн жайгашкан жерине, китептин сапатына да көз каранды болушу мүмкүн. Ал эми Ишеналиева бул боюнча төмөнкүлөрдү айтты:
"Ооба, китептин баасы былтыркыга караганда кымбаттады. Мунун ар кандай себептери бар. Мисалы, барактардын сапатына, сырткы мукабасына, китептин ички дизайнына, ар түрдүү сүрөттүү түстүү боёгуна, электр энергиянын баасы, ижара, жолу жана башка да көп себептери болушу ыктымал".
Ар бир адамдын ичинде, акылында ойлоп, суроого жооп таппай жүргөн абалы, билгиси келген же кызыгып жүргөн нерсеси болот. Жашоодо ар кандай окуялар болушу мүмкүн. Окурман дал ошол нерсени, абалын өзү жакшылап түшүнүү үчүн китептердин дүйнөсүнө саякаттайт.
Китеп сүйүүчүлөрүнүн бири Айгерим Турдалиевада китеп тандаганда биринчи кезекте темасына көңүл бура турганын айтат. Турдалиеваны өзгөчө коомдук маселелер, психология, журналистика жана чыныгы окуяларга негизделген чыгармалар кызыктырат.
"Кээде белгилүү авторлордун эмгектерине да атайын көңүл бурам, анткени алардын стили, ой-жүгүртүүсү жаккан болсо, башка чыгармаларын да окугум келет. Айрым учурларда маанайга жараша да болуп турат. Социалдык тармактарда китептин мазмунун баяндаган видеолорду көргөндөн кийин ал китептерге кызыгып, маркетингдин курмандыгы да болом", - деди Айгерим.
"Өзүңдү таппай же башкача болуп жатканда алган китептерим ошол абалыма жараша болот. Китептен жооп алгандай болом. Эгер автор чыгарманы же каарманды ачып бере алган болсо, окуяга ошол китеп аркылуу анализ жасайм".
Ошондой эле Айгерим ийгилик, өзүн- өзү өнүктүү тууралуу китептерди азыр такыр окугусу келбей турганын айтып, муну социалдык тармактарда мындай окуялар көп чыгарылып турганы менен байланыштырды.
"Ийгиликтүү болууга же убакытты туура башкарууга үндөгөн темаларды китептен тышкары социалдык тармактардан деле кездештирүүгө болот. Мен мотивацияны бир каармандын образы же бирөөнүн чыныгы тажрыйбасынан алгым келет", -деп сөзүн жыйынтыктады китеп сүйүүчүсү Айгерим.
Китеп сүйүүчүлөрдүн саны, жылына канча китеп жана кайсы тилдеги чыгармалар көп окулуп жатканы боюнча так маалымат жок. Бирок китеп окууну жайылтуу жана кызыгууну арттыруу үчүн өлкөдө ар кандай иш-чаралар уюштурулуп турат.
Алсак, кечээ гана "Китепстан" басма үйү тарабынан балдарга арналган китеп сынагы уюштурулду. Уюштуруучулар айтымында, мындай аракеттер балдарды чыгармачылыкка үндөп, жазуу көндүмдөрүн үйрөтөт.
Аталган басмакананын директору Бакытбек Абдуллаев китеп окурмандарынын санын көбөйтүү үчүн азыртадан жаш балдардын китеп окуусун көңүл бурууну сунуштайт.
"Биздин басма үйдүн анализине таянып айта турган болсом, белгилүү бир топтун ортосунда же болжол менен 15 миң адамдын айланасында китеп сатканга же окутууга аракет кылып жатабыз. 7 миллион адамдын 1 пайызы 70 миң болот да. Биз китеп окугандардын 0,1 пайызына араң жетип жаткандай сезилет. Ошол себептен мен китеп окугандардын санынын көбөйгөнүнө анчалык деле ишенбейм", -деди Абдуллаев.
Бирок басма үйүнүн жетекчиси китеп окурмандарынын санын көбөйтүш үчүн жаш балдарга, өзгөчө башталгыч класстарга арналган китептерди көп чыгарып, китеп сынактарын уюштуруп турууну сунуштайт. Мындай ыкма аркылуу келечекте китепкөй балдардын саны артып, окурмандар көбөйөт. Абдуллаев азыркы тапта ушул багытта иш алып барып жатышканын билдирди.
Аталган басма үйүнүн маалыматы боюнча, учурда жакшы сатылып жаткан китептердин катарын Жеймс Клирдин "Атомдук адаттар" китеби толуктайт. Көбүнчө балдарга арналган китептер актуалдуу болууда.
Абдуллаев китеп которууда ошол чыгарманын окурмандарга кошо турган салымына, кыргыз коомчулугунун сынчыл ойлонуусун өстүргөн, жаңы идеяларды жаратууга себепчи болгон жана баланын дүйнө таанымын кеңейткен китептерге көңүл бурула турганын айтты. Ошондой эле учурда актуалдуу, дүйнөдө популярдуу болуп жаткан чыгармаларга же автордун таанымал болгонуна карай турганын кошумчалады.
Дегени менен окурмандар китепти табитине, кайсы китеп көбүрөөк жарнама болгонуна жана сунушталышына жараша тандап окушат.