Талас шаарынын борборундагы 0,14 гектар аянттагы имараттар мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында жогоруда көрсөтүлгөн объект "Б" категориясында (маанилүү объекттер) экендиги аныкталды. Буга байланыштуу жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Учурда имараттар министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.