
Кыргызстанда сейсмоизолятор чыгарган завод курулат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри
Нурдан Орунтаев билдирди.
Завод Курулуш министрлигинин базасында курулат. Башкаруу 51-49 пайыздык үлүштө, 51 пайызы мамлекеттики болот.
Кытай компаниясы менен 10 миллион долларга келишим түзүлгөн. Ушул эле келишимдин негизинде жер кыртышын изилдөө боюнча 3 мобилдик жана 3 лаборатория да болот. 1,5 миллион доллар мамлекетке грант келет. Ал акча каражаты Курулуш министрлигинин жабдыктарын алууга жана имараттарын курууга колдонулат.
"Келишимдин аткаруу мөөнөтү 90 күн, ал убакытта 11,5 миллион долларды Кыргызстанга алып келишет. Келишимдин иштөө мөөнөтү 7 жыл, ал убакыттан кийин бардык имараттар жана жабдыктар толук мамлекетке өткөрүлөт",- деп айтылат маалыматта.