Өзгөчө ири өлчөмдөгү пара менен УКМКнын кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, февралда бир компаниянын ээси жеке маселесин чечүү үчүн УКМК кызматкери С.М.га 200 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын берген. Бирок ал акчаны алып, жардам бере алган эмес жана акчасын дагы кайтарган эмес.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Бардык жагдайлар такталган соң, подполковник жумуштан бошотулуп, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.