"Айылда, шаарда да мүмкүнчүлүктөр бар". Гарвардды аяктаган кыргыз кызы Севара менен маек

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында дүйнөдөгү мыкты окуу жайлардын сап башында турган Гарвард университетин аяктаган кыргыз кызы Севара Таджибаеванын билим сапары тууралуу сөз кылабыз.

Мекендешибиз Гарвард университетинин дизайн жана инновациялык технологиялар тармагында билим алды.

Дүйнөдөгү миңдеген жаштардын арзуусуна айланган окуу жайга тапшыруу этаптары, кыялдардын артында иштеген, максаттарынан баш тартпаган, дайыма алдыга умтулуу ийгилик алып келерине ишенген кыргыз кызы менен болгон маекти сунуштайбыз.

— Севара, Гарварддагы магистратура программасын ийгиликтүү аяктап алышыңыз менен чын дилимден куттуктайм! Бул жетишкендигиңиз кыргыз кыздары үчүн үлгү болду.

Алгач өзүңүз тууралуу кенен айтып өтсөңүз. Кичи мекениңиз, бала кезиңиз, ата-энеңиз, окуу жай жөнүндө?

— Чоң рахмат! Мен Токтогулда төрөлүп, ошол жерде чоңойдум. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусумун – иним жана эжем бар. Атам Талип инженер-куруучу, апам Анара мамлекеттик ооруканада 30 жылдан ашык убакыттан бери медайым болуп иштейт.

Мен №1 Токтогул Сатылганов атындагы мектепте окугам. Балалыгым жөнөкөй, бирок ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланып, өзүмдү өнүктүрүүгө умтулган кыз катары өттү. Ата-энем билимге ар дайым чоң маани беришкен жана мен бул үчүн дайыма ыраазымын. Алар мени ар дайым олимпиадаларга, академиялык сынактарга катышканда колдоп, ишенип турушкан. Айрыкча, айылда чоңойгон кыз үчүн бул ишеним абдан маанилүү болгон. Ата-энемдин ошол колдоосу мага канат байлап, алдыга умтулуума күч берген.

— Эң сонун! Гарвардда окуу балалыктагы кыялыңыз беле? Аны ишке ашыруу үчүн канча убакыт кетти, кандай даярдыктардан өттүңүз?

— Америкага болгон кыялым FLEX программасы аркылуу башталган. Гарвард тууралуу “Гилмор кыздары” деген сериалдан билгем, ошондо эле ошол окуу жайда окугум келген. Бирок даярдык жана ишеним болбосо, мунун баары кыял бойдон калмак. Гарвардга тапшыруу чечимин 3,5 жыл иштегенден кийин кабыл алдым. Жай бою даярданып, TOEFL жана GRE тапшырып, 12ден ашык вариант мотивациялык кат жаздым. Бул жеңил эмес, бирок ар бир кадам маанилүү болду.

— Гарвардда толук грант менен окудуңузбу?

— Ооба, Гарвард университетинин мен окуган бөлүмүнөн эң жогорку стипендияны алдым. Мындан тышкары дагы эки кошумча стипендияга ээ болдум. Учурда окуум толугу менен каржыланган.

— Гарвард сизге эмнелерди үйрөттү?

— Гарвард мени өзүмө болгон ишенимди чыңдоого үйрөттү. Андан сырткары билимди кантип технология жана дизайн аркылуу көпчүлүккө жеткиликтүү кылууну изилдеп жатам.

Гарвард бул жөн эле университет эмес, бул чоң глобалдык коом. Менин группалаштарым ар түрдүү өлкөлөрдөн болушкан – алардын ар бири мага чоң кыялданууну, таасирдүү долбоорлорду жаратууну жана катадан коркпоону үйрөттү.

— Гарвардда кимдер окуй алат?

— Гарвардда билимге болгон чыныгы кызыгуусу, максаты бар, ошол максатты ишке ашырууга даяр адам окуй алат. Акчасы бар же гений гана тапшыра алат деген туура эмес түшүнүк. Эң негизгиси – чынчыл болуу, эмгек кылуу жана өз жолуңа ишенүү.

— Соцтармактагы баракчаңызда “Кыялдар орундалбайт, эгер сен иштебесең” деген сөзүңүз абдан жакты. Бул убакка чейин чоң максатыңыз Гарварддын дипломун алуу болсо, кийинкиси кандай болууда?

— Гарвард менин чоң максаттарымдын бири эле, бирок эң чоңу эмес. Эми мен Борбор Азияда билим берүүнү жеткиликтүү кылуучу санариптик платформа түзүүнү каалайм. Бул үчүн билим, IT жана бизнес-менеджмент тармактарын бириктирип жатам.

— Сонун, ал эми мотивацияңыз жок калган учурда ордуңуздан туруп алдыга жылууга эмне же ким таасир берет? Же мындай учур сизге тааныш эмеспи?

— Мотивация жоголгон учурлар болот. Андайда үй-бүлөмдү, мугалимдеримди, колдогон адамдарды эстейм. Кээде жөн гана “Севара, сен муну кылсаң болот” деген сөз жетиштүү болот. Мен өзүмө кайра-кайра ишендирем. Ошондой эле, мен көп учурда алдыдагы 5 жылдык жашоом кандай болорун элестетем. Кыялданууну жакшы көрөм. Эгерде менин көз алдымда келечектеги жашоом так көрүнсө, анда ошол жакка жетүү үчүн бүгүн кандай майда кадамдарды жасашым керек экенин түшүнөм.

Практикалык кеңеш катары айтаарым мотивация жоголгондо, чоң кыялдарыңды кичинекей кадамдарга бөлүп көр. Адамдын мээси кичинекей тапшырмаларды бүтүрө аларыбызды билгенде, өзүн ишенимдүү жана демдүү сезет. Ушундайча, чоң максаттарга жетүү мүмкүн болуп калат.

— Гарвардда окусам деген жаштарга кандай кеп-кеңештерди берет элеңиз?

— Биринчи кеңешим – өзүңөргө ишенип баштагыла. Кайсы айылда же шаарда жашасаңар да, мүмкүнчүлүктөр бар. Экинчи – кайсы мүмкүнчүлүк болбосун колдон чыгарба. Үчүнчү – билимге негизги көңүл бөлгүлө.

Мен кыялданам, келечекте Гарвардда Кыргызстанды көптөгөн студенттер көрсө экен деп. Быйыл мен Гарварддын 12 университетинин ичинен Кыргызстандан чыккан жалгыз студент болдум. Бизде билимдүү, акылдуу жаштар абдан көп, бирок көп учурда алар өздөрүнө ишенбегендиктен тапшырып көрбөй калышат. Бул ишенимди кайтарып, "мен да татыктуумун" деген ойлор менен аракет кылышса дейм.

Акыркысы – силерге чын дилден ишенген адамдар менен бирге болгула. Кайсы бир күнү силер да бирөөгө “Сен муну кыла аласың” деп дем бересиңер.

— Абдан сонун кеңештер болду. Пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүп, кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Жогоруда да айтып өткөндөй, кыргыз кыздарына үлгү болдуңуз. Максаттарыңыз орундалсын, ийгиликтериңиз көбөйө берсин!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан