14-июнга караган түнү Иран Израилге жооп иретинде сокку урду. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат агенттиги IRNA билдирди.
Агенттиктин маалыматына ылайык, Иран Израил тарапка жүздөгөн баллистикалык ракеталарды учурган. Ошондой эле Reuters жана AFP агенттиктери Тель-Авив менен Иерусалимдин үстүндө жарылуулар болгонун маалымдашты.
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи IRIB телеканалы аркылуу: "Аларга сокку урдук. Муну менен бүттү деп ойлобосун. Алар башташты. Алар Иранга каршы жасаган ырайымсыз кылмышынан кийин аман калам деп ойлобосун",- деп билдирүү жасады.
Эске салсак, Израил 13-июнга караган түнү Ирандын ядролук программасына тиешелүү объекттерге сокку урганын жарыялады. Анда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысы Хоссейн Салами, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери жана Өзгөчө кырдаалдар штабынын командири Хатам-Гулам Али Рашид каза болду.
Ошондой эле чет элдик басылмалар өзөктүк илимпоз жана Ирандын атом энергиясы боюнча мурдагы жетекчиси Ферейдун Аббаси баш болгон алты илимпоздун өлгөнүн жазышты.
Tasnim агенттигинин маалыматына караганда, кеминде 70 адам жаракат алды.