Бишкекте өспүрүм кыз каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн болжол менен саат 04:57 чамасында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жаш өспүрүм кыздын оор жаракат алгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары маркумдун бир тууган эжеси, 2011-жылы туулган Э.И. аныкталып, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда тергөө кызматына жеткирилди.
"Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.