Бириккен Араб Эмираттарынын Air Arabia авиакомпаниясы бир катар өлкөлөргө аба каттамдарын токтотту. Бул тууралуу аталган чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, авиакомпания Кыргызстан, Орусия, Азербайжан, Армения, Грузия, Иордания, Ирак, Иран, Казакстан жана Өзбекстанга болгон каттамдарын убактылуу токтоткон.
Мекеменин айтымында, мындай чечим "Жакынкы Чыгыштагы абал жана аба мейкиндигинин жабылышына" байланыштуу кабыл алынган.
Ошондой эле Air Arabia кээ бир каттамдардын кечиктирилип же башка багытка өзгөртүлүп жатканын кабарлады.
Белгилей кетсек, авиакомпания өз каттамдарын негизинен Абу-Даби, Шарджа жана Рас-эль-Хайма шаарларынан ишке ашырат.
Мындан тышкары Бириккен Араб Эмираттарынын дагы бир Emirates авиакомпаниясы Жакынкы Чыгыштагы чыңалууга байланыштуу Иорданияга, Иракка, Иранга жана Ливанга пландалган айрым каттамдарын жокко чыгарганын маалымдады.