Израил-Иран атышуусу: Путин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөшүштү

Кечээ, 14-июнда Путин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөшүшүп, Жакынкы Чыгыш маселесин талкуулашты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргендей, негизинен «Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу» тууралуу сөз болгон.

«Сүйлөшүү болжол менен бир саатка созулду, тактап айтканда, 50 мүнөт болду, мазмундуу, ачык жана эң негизгиси — абдан пайдалуу болду. Анда Жакынкы Чыгыштагы абал талкууланды», — деп билдирди Ушаков.

Дональд Трамп кайрадан президент болгондон бери Путин менен бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшкөн, бирок азыркыга чейин алардын негизги темасы Украинадагы согуш болуп келген.

Кечээ Дональд Трамп менен Владимир Путин Украинадагы согуш тууралуу да сүйлөшүштү.

«Орусия тараптан украиналыктар менен сүйлөшүүлөрдү 22-июндан кийин улантууга даяр экени билдирилди. Дональд Трамп бул маалыматты эске алып, Орусия–Украина жаңжалынын мүмкүн болушунча эртерээк токтошун каалаарын дагы бир ирет белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Ал арада АКШнын президенти Трамп да Путин менен болгон сүйлөшүү тууралуу билдирүү таратты.

«Президент Путин бүгүн менин туулган күнүм менен куттукташ үчүн чалды», — деп жазды Трамп. Кечээ Трамп 79 жашка толду.

"Бирок андан да маанилүүсү — ал Иран тууралуу сүйлөшүүнү каалады, Путин бул өлкөнү абдан жакшы билет. Биз узак сүйлөштүк", — деп билдирди Трамп.

Ошондой эле АКШ лидери Украина темасы боюнча да сүйлөшүү болгонун айтып, бул тема боюнча кийинки жума да сөз боло турганын кошумчалады.

«Путин да мен сыяктуу эле Израил менен Ирандын ортосундагы согуш токтошу керек деп эсептейт. Мен ага анын Украинадагы согушу да аякташы керек экенин түшүндүрдүм», — деп жыйынтыктады Трамп.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан