АКШ 36 мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына өлкөгө кирүүгө чектөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментине таянып The Washington Post басылмасы жазып чыкты.
Тизмеге 25 африкалык өлкө, анын ичинде АКШнын өнөктөштөрү болгон Египет жана Жибути, ошондой эле Кариб деңизинин, Борбордук Азиянын жана Тынч океан аймагынын айрым мамлекеттери кирген.
АКШнын көңүл чордонунда болгон өлкөлөрдүн арасында төмөнкүлөр бар:
Ангола, Антигуа жана Барбуда, Бенин, Бутан, Буркина-Фасо, Кабо-Верде, Камбоджа, Камерун, Конго Демократиялык Республикасы, Жибути, Доминика, Эфиопия, Египет, Габон, Гамбия, Гана, Кот-д’Ивуар, Кыргызстан, Либерия, Малави, Мавритания, Нигер, Нигерия, Сент-Китс жана Невис, Сент-Люсия, Сан-Томе жана Принсипи, Сенегал, Түштүк Судан, Сирия, Танзания, Тонга, Тувалу, Уганда, Вануату, Замбия жана Зимбабве.
The Washington Post жазгандай, Мамдепартаменттин өкүлү бул кызматтык документтер боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан. Ак үй да бул тууралуу комментарий бере элек.
Бул демилге Трамптын администрациясы тарабынан миграциялык саясаттын жаңы этабы катары каралууда.
Мамлекеттик катчы Марко Рубио кол койгон документке ылайык, аталган өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө АКШнын жаңы талаптарын аткарууга 60 күн убакыт берилген. Алгачкы аракеттер планы шаршемби күнү саат 8:00гө чейин сунушталышы керек.
Маалым болгондой, бул өлкөлөр бир катар талаптарга жооп бербей турганы белгиленет. Айрым мамлекеттерде ишенимдүү документтерди бере турган ыйгарым укуктуу органдар жок же документ жасалмалоо фактылары көп кездешет. Ошондой эле бул өлкөлөрдүн жарандары АКШда жүрүү мөөнөтүн көп учурда бузушат.
Азырынча чектөөлөр качан күчүнө кирери белгисиз.