1-июлдан тарта ОСАГО полисин албаган айдоочуларга 3 миң сомдон айып пул салына баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын камсыздандыруу уюму билдирди.
Маалым болгондой, бир жылдык камсыздандыруу 1680 сомду түзөт.
Маалымат үчүн: ОСАГО — ири чыгымдан коргой турчу полис. Айдоочу кокус кырсыктап калса, камсыздандыруу компаниясы чыгымын төлөп берет.