Чүйдүн Москва районуна караган жайлоолордун бириндеги Широкий коктусунда 1960-жылы туулган Ж.У. аттуу эркек киши бутун сындырып алды. Бул тууралуу кечээ, 14-июнда ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, жардам көрсөтүүгө 5 куткаруучу жөнөтүлдү.
Ага медициналык алгачкы жардамды көрсөтүшүп, тоодон түшүргөн соң ооруканага жеткиришти. Учурда абалы орто.