
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, милицияга бир жаран арыз менен кайрылып, өзүн С. деп тааныштырган белгисиз жигитке чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, 26-майда ал жаран ишенимине кирип, алдамчылык жол менен такси кызматында иштөө үчүн Honda Fit үлгүсүндөгү унааны ижарага берем деген шылтоо менен 15 миң сом акча каражатын алып, изин жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Натыйжада шектүү катары 1993-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.