Израил АКШдан Ирандын Фордо жер астындагы өзөктүк объектисин жок кылууга жардам берүүнү суранды

Израил акыркы 48 сааттан бери Вашингтондон Иранга каршы аскердик операцияга кошулууну суранып жатканын Axios Израилдин эки расмий өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Анда айтылгандай, Тель-Авив Дональд Трамптын администрациясынан Ирандын уранды байытуу программасынын негизги элементтеринин бири болгон Фордо жер астындагы өзөктүк объектисин жок кылууга колдоо көрсөтүүнү бир нече жолу суранган.

Израилдин кайрылуусунун негизги себеби – техникалык кыйынчылыктар. Израил армиясынын тоолуу рельефте бир топ тереңдикте жайгашкан бутага эффективдүү сокку уруу үчүн зарыл болгон арсеналы, атап айтканда, бункердик бомбалары жана оор бомбалоочу учактары жок. Ал эми Америка Кошмо Штаттарынын тиешелүү куралы жана жакын жердеги базалардан сокку уруу мүмкүнчүлүгү бар.

Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен акыркы сүйлөшүүсүндө керек болсо мындай кадамга барарын четке каккан эмес. Бирок азырынча аталган өлкө жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө үмүттөнүп турарын белгилеген.

Нетаньяху мурдараак Израил Иранга АКШ менен Трамптын “ачык колдоосу” менен сокку ура турганын айткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан