Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилдин аракеттери аймактын жана бүтүндөй дүйнөнүн коопсуздугуна шек келтирип жатканын айтты. Ал Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды сүйлөшүү жолу менен гана чечүүгө болорун белгиледи.
Anadolu билдиргендей, бул тууралуу түрк лидери Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдирди.
Алар Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжалдын тегерегиндеги кырдаалды, ошондой эле бир катар аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашты.
Түрк президенти чыңалууну азайтуу үчүн Израил кадамдарын токтотушу керектигине токтолду.
Мамлекет башчысы эл аралык коомчулуктун “Израилдин Палестинадагы оккупациясына жана геноцидине каршы аракетсиздиги Тель-Авивдин агрессиясын кубаттаганы” деп белгиледи. Ал Иранга кол салуу Тегеран менен Вашингтондун ортосунда жүрүп жаткан өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн фонунда болгонун эске салды. Анын айтымында, бул тынчтыкка жетишүү аракеттерине доо кетирүү аракети.
Эрдоган радиоактивдүү заттардын сыртка чыгышына алып келген Израилдин соккулары аймактык гана эмес, глобалдык коопсуздукка да жоопкерчиликсиз коркунуч жаратып жатканын баса белгиледи. Анын пикиринде, өзөктүк талаш дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү улантуу менен гана чечилет.
Нетаньяху ишемби күнү видео кайрылуусунда элге кайрылып, 13-июнга караган түнү Иранга жасалган чабуул Ислам Республикасынын өзөктүк объектилерине олуттуу зыян келтиргенин айтты. Премьер-министр Израил Ирандын баллистикалык ракеталарды чыгаруу мүмкүнчүлүгүн мындан ары жоюуга ниеттенип жатканын билдирди.