Бишкекте ири алдамчылыкка шектелип 25 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип 25 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, май айында милицияга К.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал кол алдындагы кызматкери кардарларга өзүн бир ишкананын кызматкери катары тааныштырып, алардан алдоо жолу менен ири суммадагы акча алып, качып кеткенин айткан. Натыйжада арыз ээсине 4 миллион 851 миң 859 сом материалдык зыян келтирилген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалган жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан