Бишкекте алдамчылыкка шектелип 30 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Д.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, И.А. аттуу жаран ишенимине кирип, 13 миң доллар турган Киа К7 үлгүсүндөгү унаасына ээлик кылып, андан соң унаасын башкага сатып жибергенин айткан.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.