Бишкекте электр мамысынан түшө албай калган жаш кыз куткарылды

Бишкекте электр мамысына чыгып алып, кайра түшө албай калган кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

15-июнда Айни көчөсүндө болжол менен 18-20 жаштагы кыз (аты-жөнү такталууда) жогорку чыңалуудагы темир электр мамычасына чыгып алып, түшө албай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөнү белгиленди.

Министрликтин 5 куткаруучусу кызды электр мамысынан аман-эсен түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан