Аксы районунун Балтыркан жайлоосунда “Балтыркан - 2025” эл аралык туристтик фестивалы өттү.
Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, район акими Максатбек Саргазаков, облус аймактарынан жана коңшу Өзбекстандан келген меймандар жана район тургундары катышты.
Облус башчысы Текебаев бул иш-чара Аксы районунун жаратылыш кооздугун, меймандостугун дүйнөгө таанытуу үчүн түзүлгөн жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи. “Балтыркан - 2025” эл аралык туристтик фестивалынын уюштуруунун максаты - туристтерди тейлөө сапатын, маданиятын жогорулатуу, жергиликтүү тургундардын киреше бөлүгүн арттыруу жана райондогу табияты кооз аймактарды даңазалоо болуп саналаарын кошумчалады.
Тилек Текебаев соңку жылдары ички жана тышкы туризмди жакшыртуу боюнча натыйжалуу кадамдар бар экенин айтып, чет өлкөлөрдөн, анын ичинде коңшу Өзбекстандан келген туристтердин агымы артып баратканын кошумчалады.
Туристтик фестивалдын жүрүшүндө улуттук тамак-аш, Аксы районунда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү тартууланды.