Бишкекте киши кичинекей кызды жер төлөгө алып кирген делген маалымат боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Октябрь РИИБ билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда кичинекей кызды көтөрүп бара жаткан киши тартылган видеонун скриншоту тараган.
Райондук милиция С.Н. аттуу жаран 10-июнь күнү саат 20:00дөр чамасында Куйручук көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө 6 жаштагы кыз менен чогуу отурган белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылганын белгиледи.
Факт каттоого алынган. Учурда ал кишини аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн жашы жете элек кызга зарыл болгон экспертизалар дайындалып, психологдор иш алып барышууда.