Бразилия, Чили жана Мексикада миңдеген адамдар Газадагы согушка каршы жана Палестина элине колдоо көрсөтүү максатында жөө жүрүшкө чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда чет элдик басылмалар жазышты.
Бразилиянын Сан-Паулу шаарында абдан чоң топ жыйналып, президент Луис Инасиу Лула да Силвадан Израил менен дипломатиялык мамилени токтотууну талап кылды. Колдорунда Палестинанын желектери жана Израилдин Газадагы кыргындарын айыптаган плакаттар менен жүрүшкө чыгышкан демонстранттар Газа тилкесиндеги абалга көңүл бурууну көздөштү.
Акцияга бир катар жарандык коом уюмдары жана депутаттар дагы колдоо көрсөтүштү.
Чилинин Сантьяго шаарында да Палестинаны колдогон жүздөгөн адамдар көчөгө чыгып, Газанын эли менен тилектеш экенин билдиришти. Алар да Израилдин кол салууларын токтотууну талап кылып, Чили президенти Габриэль Боричке кайрылышты жана Израил менен дипломатиялык мамилени үзүүнү суранышты.
Мексика өлкөсүнүн Мехико шаарында жөө жүрүшкө чыккан топ Газа тилкесинде тез арада ок атууну токтотууну талап кылды. Калаа борборуна карай жүрүш маалында Израилге каршы ураандар жаңыртылып, колдоруна тынчтыкты жана палестиналыктардын укугун талап кылган баннерлерди көтөрүштү.
Бул акциялар Латын Америкасында Израилдин аракеттерине каршы терс реакциялар күчөп жатканын көрсөттү.