Трамп АКШнын 3 шаарындагы мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгарууну буюрду

АКШ президенти Дональд Трамп Лос-Анжелес, Чикаго жана Нью-Йорк шаарларында мыйзамсыз мигранттарды кармоону жана өлкөдөн чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасында жазды.

"Бул жана башка шаарлар демократтардын бийлик борбору болуп саналат, алар мыйзамсыз мигранттарды шайлоо базасын кеңейтүү жана алдоо үчүн колдонушат. Мындай саясат жакшы жумуш орундарын жана жеңилдиктерди америкалык жарандардан тартып алып жатат",- деди АКШ президенти.

Дональд Трамп миграция толкунун “артка кайтаруу” үчүн бардык ресурстарды колдонууга администрацияга буйрук бергенин кошумчалады.

Эске салсак, Лос-Анжелесте 7-июнда мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддерден улам башаламандык чыккан. Шаарга Улуттук гвардиянын аскерлери жөнөтүлүп, бул чечимге Калифорниянын Демократтар партиясынын өкүлдөрү каршы болушкан.

Калифорниянын губернатору Трампты сотко берүүнү убада кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан