УКМК өлкөдө радикалдык такфирдик-жихадисттик агымдарга үгүттөгөн диний топту аныктады.
Тергөөнүн жүрүшүндө бул топтун мүчөлөрү радикалдык-экстремисттик көз караштарды жайылтуу менен алектенип, өз чөйрөлөрүндө үгүт иштерин жүргүзүп, зордук-зомбулукка чакырыктарды камтыган материалдарды таркатып, ошондой эле башка агымдардын жана диндердин өкүлдөрүнө карата сабырсыздыкты үгүттөгөндүгү аныкталган. Бул адамдардын иш-аракеттери Бишкек шаарында террордук топ түзүүгө багытталган болушу мүмкүн деп айтууга негиз бар дейт мекеме.
11-июнда соттун санкциясы менен Бишкектеги он даректе тинтүү жана башка атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 10дон ашуун адам УКМКга жеткирилген. Жыйынтыгында катталбаган диний адабияттар, экстремисттик символика, 1 граната, ар кандай маркировкалары бар 3 патрон, 1 жылмакай мылтык, сигналдык тапанча, 2 пневматикалык тапанча, акча каражаттары, бычактар, кылыч, байланыш каражаттары, радикалдуу мазмундагы аудио жана видеоматериалдар алынды.
Санариптик маалымат каражаттарына жүргүзүлгөн талдоо, ошондой эле соттук-дин таануу экспертизасынын корутундусу куралдуу жихадды жана террористтик ишти жүргүзүүгө чакырыктарды кошкондо радикалдуу экстремисттик маалыматтын белгилери бар видеожазуулардын жана аудиоматериалдардын, тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдардын ишмердигинде колдонулган материалдардын бар экендигин тастыктады.
Бир жергиликтүү тургун, бир чет элдик жаран кармалып Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагына киргизилди. Ал эми УКМКга жеткирилген башка адамдар бардык зарыл болгон тергөө амалдары жана профилактикалык иштер жүргүзүлгөндөн кийин бошотулду.