Актриса Айгерим Саматова менен ырчы Мадияр Русланов кыздуу болушту. Экинчи наристесин жарыкка алып келгенин кечээ, 15-июнда Саматова өзү Инстаграмдагы баракчасы аркылуу билдирип, видео бөлүштү.
"Кош келдиң, кызым! Бардык аялзатына башымды ийип, тизе бүгүп таазим этем. Бала ошол үчүн таттуу болот турбайбы. Кудайым, ушул күнгө аман-эсен жеткиргениңе шүгүр",- деп жазды ал.
Жаш жубайлар 2022-жылы баш кошушкан. Ал эми 2023-жылы түгөйлөрдүн тун кызы төрөлгөн.