АКШнын президенти Дональд Трамп Канадада чоң жетиликтин саммитинин алкагында Украина башчысы Владимир Зеленский, Мексиканын лидери Клаудия Шейнбаум жана Канаданын премьер-министри Марк Карни менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу жекшемби күнү журналисттерге Ак үйдүн расмий өкүлү билдирди.
Трамп аталган саммитке катышуу үчүн Канадага барды. Чоң жетиликтин (G7) саммити (Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Япония) 15-июндан 17-июнга чейин өтөт.