Садыр Жапаров Ысык-Атада керамика плиткаларын өндүрүүчү заводду ачты

Бүгүн, 16-июнда президенти Садыр Жапаров Ысык-Ата районунун Ивановка айылында "Асылташ Керамикс" керамика плиткаларын жана керамогранит өндүрүүчү заводду ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Мамлекет башчы соңку жылдары өлкөдө курулуш материалдарын чыгаруу жана кайра иштетүүчү өнөр жайды жандандыруу жаатында жакшы тенденция калыптанып жатканын айтат. Аталган ишкана дагы Кыргызстандын өнөр жай тармагындагы жаңы барак, өлкөнүн экономикалык суверенитетин жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган кезектеги чечкиндүү кадам деп баса белгиледи.

Завод жалпы суммасы 40 миллион долларды түзгөн инвестициянын негизинде курулган жана жылына 3 миллион чарчы метр керамика продукцияларын чыгарат деп күтүлүүдө.

Президент завод орточо айлык акысы 50 миң сомду түзгөн 300дөн ашуун жаранды туруктуу жумуш орду менен камсыз кыларын билдирип, Ысык-Ата районунун тургундарына кайрылып, заводдун негиздөөчүсү кыргызстандык жаран экенин айтты.

Аталган ишкана чопо, ак чопо (каолин) жана талаа шпаты сындуу кыргыз жериндеги кен байлыктарды иштеткен ата мекендик ийгиликтүү өндүрүш. Заводго мамлекет тарабынан төмөнкүдөй колдоо көрсөтүлгөн:

  • жер тилкеси трансформацияланып берилди;
  • газ жана электр энергиясы менен камсыздалып, инфратүзүм жакшыртылды;
  • инвестициялык келишимдер даярдалып, тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылды;
  • насыялык каржылоого мамлекет кепилдик берди.

Заводдун продукциясынын 50 пайыздан ашыгы тышкы рынокторго экспорттолот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан