
17-19-июнь күндөрү ысык аба ырайы күтүлүп, абанын жогорку температурасы акырындык менен жогорулашы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда ӨКМ билдирди.
Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +39…+41 градуска чейин, Талас облусунда +36…+38 градуска чейин жогорулашы ыктымал.
"Мындай кургак ысык аба ырайы учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат",- деп айтылат билдирүүдө.