Эми айдоочулук күбөлүк алуудагы медициналык маалымкат онлайн берилет

Айдоочулукка талапкерлер үчүн 083/у формасындагы медициналык маалымкатты онлайн форматта алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, эми жарандар транспорт каражатын башкарууга жарамдуулугу боюнча милдеттүү медициналык комиссиядан санарип форматта өтүп, маалымкатты электрондук түрдө ала алышат. Ошондой эле кагаз маалымкаттарды айдоочуларды каттоо органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду. Комиссиядан өтүү жыйынтыктары автоматтык түрдө тиешелүү маалыматтык базага жөнөтүлөт.

Онлайн кызмат "Түндүк" порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү. Медициналык адистердин кароосунан өткөндүгү боюнча маалыматтар корголгон маалыматтык систем аркылуу катталып, иштетилет.

"Онлайн маалымкатты ишке киргизүү демилгеси мамлекеттик башкарууда санариптик инновациялар менен чечкиндүү чечимдерди киргизүүгө багытталган өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында ишке ашты",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан