Ирандын руханий лидери Али Хаменеи Израилдин Тегеранга сокку уруусу башталгандан кийин бункерге которулган. Бул тууралуу Iran International телеканалы жеке булактарына таянып билдирди.
Жума күнү эртең менен Израилдин Тегеранга чабуулу башталгандан бир нече саат өткөндөн кийин Али Хаменеи Лависанда жер астындагы бункерге которулган. Телеканал ал үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге бункерде болгонун белгиледи.
Эске салсак, Израил 13-июнга караган түнү Ирандын өзөктүк жана аскердик объекттерине сокку урган. Чабуулдар өзөктүк куралдарды иштеп чыгууга байланыштуу объекттерге жана жогорку даражадагы аскер кызматкерлери жайгашкан жерлерге багытталган. Ошол эле күнү кечинде Иран жооп кылып Израилге ракеталык соккуларды жасаган.
Тегеран Израилдин аскердик инфратүзүмүнө, анын ичинде аба базаларына жана башка стратегиялык объекттерге ири соккулар болот деп убада берген.