Блог: Петра – таштан жаралган тарых

Иорданиядагы дүйнөгө белгилүү байыркы Петра шаарына баруу – тарыхка кызыккандардын кыялдарынын бири эмеспи. Антип кыялдангандардын катарында мен да бар элем. Бул жылы май айында Шарм-Эль-Шейх шаарында эс алып жүргөн учурда бул мүмкүнчүлүк жаралып, мен аны колдон чыгарбай, атайын эки күндүк кеме саякатына чыктым.

Саякат эртең менен эрте башталды. Шармдан атайын уюштурулган туристтик автобус менен Нувайба портуна бардык. Андан ары кеме аркылуу Иорданияга, тактап айтканда, Акаба шаарына сапар алдык. Деңиздин тунук көгүш суулары, күндүн чыгышы жана деңиз үстүндөгү тынчтык – жолду жагымдуу кылды. Кызыл деңизди бойлой жүргөн бул суу жолунда табигый кооздукка суктанып, жакындап келаткан байыркы тарыхты сезип турдум. Ошентип Акабага туура бир саатта жеттик.

Акаба – Иорданиянын түштүгүндө жайгашкан, өлкөнүн Кызыл деңизге чыккан жалгыз порту жана эң негизги деңиз дарбазасы. Ал Сауд Арабия, Египет жана Израил менен чектешип турат. Географиялык жактан чоң мааниге ээ болгон бул шаар Петрага барчу саякатчылар үчүн да негизги өтмөк пункту болуп саналат.

Бул порт өлкөгө жүктөрдү ташуу, мунай импорту жана туризм үчүн өтө маанилүү. Петрадагы саякаттардын көбү дал ушул порт аркылуу башталат. Сиз дагы Шарм-Эль-Шейхтен Акабага келчү болсоңуз, дал ушул порт аркылуу Иорданияга киресиз.

Шаардын туристтик тармагы да кеңири өнүккөн. Ар жылы жүз миңдеген туристтер Акаба аркылуу Петра, Вади-Рам, Дана жаратылыш коругу сыяктуу белгилүү жайларга багыт алышат.

Акаба шаарына жеткен соң автобустар менен Петрага карай жол уланды. Жол боюндагы тоо кыркасы, кургак талаалар жана кең мейкиндиктин өзүнчө бир тынчтыгы бар экен.

Петра арабча "Аль-Батра", грек тилинен которгондо "таш" дегенди билдирет. Бул – жөн гана таш эмес, бул – бүтүндөй цивилизациянын изи, кооздуктун жана инженердик чеберчиликтин үлгүсү.

Петра Иорданиянын түштүк-батышында, Мусанын өрөөнү (Вади-Муса) аттуу аймагында жайгашкан. Бул жерде кызгылт-кочкул түстөгү аска-зоолор жана тоо капчыгайлары үстөмдүк кылат. Шаар аска таштарга оюлуп жасалган архитектурасы менен дүйнө жүзүнө таанымал. Ошондуктан "таштын шаары" деген аталыш да бекеринен эмес.

Петрага киргенде эле анын табият менен айкалышкан архитектурасы таң калтырды. Кызгылт таштардын арасына казылган кооз курулуштар, айрыкча Казына сарайы (Аль-Хазне) өзүнүн масштабдуулугу жана кооздугу менен көргөн адамды сөзсүз суктандырат. Бул эстеликти ачык түстөгү таштардан оюп, атайын кооздоп тургузушкан. Таң калычтуусу, мындай зор шаар б.з.ч. IV кылымда эле жаралган.

Бул жерге жетүү үчүн 1,2 чакырым узундуктагы тар капчыгай – Сик аркылуу жөө жүрүш керек. Бул узун, тар жана Петра шаарына алып кирчү жалгыз капчыгай. Жол бою ташка чегилген мүрзөлөр, обсерваториялар, суу түтүктөрү сыяктуу көптөгөн архитектуралык кереметтер жолугат. Капчыгайдын дубалдары болгон тоолордун бийиктиги 80 метрге чейин көтөрүлүп турат. Жолдун аягында капысынан Казына сарайы көзгө урунат. Бул көпчүлүк үчүн эң таасирдүү учур.

Калаада миңдеген жыл мурун Набатейлер жашаган. Бул шаар такыр суу жок, кургак аймакта жайгашкан. Бирок Набатейлер суу топтоо жана сактоо боюнча зор өнүгүүгө ээ болгон каналдар, дамбалар, тез суу өткөргүчтөр аркылуу 30 миңге жакын адамды камсыз кылган. Алар суу сактоонун эле эмес, курулуштун жана соода жолдорун башкаруунун да өзгөчө ыкмаларын колдонушкан.

Бул жай 1985-жылы UNESCO дүйнөлүк мурас тизмесине киргизилген жана 2007‑жылы жаңы жети кереметке тандалып, ал тизмекке кирген.

Петрада жүрүп байыркы театр, тоо арасындагы көчөлөр, набатейлик мүрзөлөр сыяктуу тарыхый эстеликтер менен да тааныштым. Калаанын эң көрүнүктүү жана таасирдүү жайлардын бири – Ад-Дэйр монастыры. Бул Казына сарайына салыштырмалуу сүрөттөрдө азыраак кездешкени менен, масштабдуу архитектурасы жана бийиктикте жайгашкандыгы менен өзгөчөлөнөт.

Монастырга көтөрүлүү тууралуу жалпы маалымат:

  • Башталышы: Казына сарайынан өтүп, Набатей цивилизациясынын урандыларынан, Рим амфитеатрынан жана "Royal Tombs" деп аталган падышалардын мүрзөлөрүнөн өтөсүз.
  • Узактыгы: болжол менен 3,5-4 чакырым бир тараптуу (баштапкы кире бериштен).
  • Убакыт (жөө): 1,5 сааттан 2 саатка чейин (жолдун татаалдыгына жана сиздин ылдамдыгыңызга жараша).

Көтөрүлүү кандай болот?

  • Жолдун негизги бөлүгү – бул 800–900 даана тепкичтүү таш жол.
  • Тепкичтер тоо бооруна табигый жана жасалма түрдө чегилип жасалган.
  • Жол кээде тик, күн астында ачык жана көлөкөсүз болот.
  • Жолго ишеничтүү бут кийим, суу, баш кийим жана күндөн коргонуучу каражат сөзсүз керек.

Ад-Дэйр жөнүндө:

  • Бийиктиги: болжол менен 45 метр
  • Туурасы: 50 метрден ашык
  • Кызыктуу факты: Казына сарайынан да чоңураак, бирок аз оюлган кооздуктар менен.
  • Азыркы "монастырь" деген аты - христианчылык мезгилинен кийин берилген. Чыныгы максаты так белгилүү эмес, ыйык жай же улуу адамга арналган мүрзө болушу мүмкүн.

Бул жакка келерде күтүүсүз шамалга кабылышыңыздар мүмкүн. Ошондуктан көз айнек жана жоолук ала жүрсөңүз зыяны тийбейт.

Петрада жергиликтүү калк – бедуиндер менен жолугуп, алардын турмушу менен таанышууга мүмкүнчүлүк болду. Алар өтө меймандос, чыныгы араб салтына жараша саякатчыларды чай менен тосуп алышат. Көпчүлүгү англис тилин түшүнөт, конокторго ар кандай маалымат берип, багыт көрсөтүүгө даяр.

Бул саякат мен үчүн жөн эле туризм эмес, тарых менен жолугушуу болду. Байыркы адамдардын эмгеги, алардын табигый ресурстарды пайдалануусу жана таштардын арасынан жараткан шедеврлери адамды ойлондуруп, таң калтырбай койбойт.

Эгер сизде убакыт жана мүмкүнчүлүк болсо, сөзсүз Петрага барууну сунуштайм. Бул жер – дүйнө керемети, адам колунан жаралган түбөлүктүү эстелик.

Казына сарайы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан