Кытайдын Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгынын бекемделиши Москвага тынчсыздануу жаратпайт. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Ал журналисттердин Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин Кытай-Борбордук Азия саммитине катышуу үчүн Казакстанга жасаган сапарына байланыштуу суроолоруна жооп берип жатып: "Бизде андай кооптонуулар жок, кооптонууга эч кандай негиз да жок",- деди Песков.
Орусия басылмалары Песков Пекин Москванын стратегиялык өнөктөшү, ал эми Борбордук Азия өлкөлөрү Орусиянын союздаштары жана өнөктөштөрү экенин белгилегенин жазышты.